Египет пирамидасында коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык сөздөрү жазылууда.
"Үйдө бол!", "Биздин коопсуздукту сактагандарга рахмат" деген жазуулар пирамида беттерине лазер аркылуу түшүрүлгөн.
Египетте коронавирусту 656 адам жуктурган, анын ичинен 41 бейтаптын көз жумганы маалым болду.