Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин коомдук транспорттордун кыймылына кайрадан чектөө киргизилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Өзбекстанда мындай чектөөлөр коронавирустун күчөп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары соода-сатык борборлору, сейил бактар, кафе, ресторандар жана көңүл ачуучу жайларга дагы чектөөлөр киргизилмекчи. Чектөөлөр 10-июлдан тарта күчүнө кирет.
Коронавирус аныкталган күндөн тарта Өзбекстанда 10 миң 670 адам вирус жуктуруп алса, 6 миң 811 бейтап оорудан сакайган. Ал эми каза болгондордун саны 41 адамды түздү.