Элчилик: "Орусиядагы жарандарыбыздан мекенге кайтаруу өтүнүчү менен 7 миңден ашуун арыз келип түштү"

Бүгүнкү күндө Орусиядагы Кыргыз жарандардан мекенге кайтаруу өтүнүчү менен 7 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кабарлайт.

"Ошондой эле ушул жылдын 14-июнунан тартып элчиликтин алдындагы штабына жана колл-борборуна келип түшкөн башка категориядагы жарандардын кайрылуулары дагы кезеги менен каралып баштады. Бүгүнкү күндө элчиликтин дарегине мекенге кайтаруу өтүнүчү менен 7 миңден ашуун арыз келип түштү. Бардык каалоочуларды Кыргыз өлкөсүнө дароо жөнөтүп жиберүү толук мүмкүн эмес. Москвадан апта сайын 2 авиакаттам пландаштырылып жатат (Ошко ишемби күндөрү, Бишкекке жекшемби күндөрү). Ушул жылдын июнь айында Орусиянын региондорунан жана Якутия, Санкт-Петербург, Казандан авиакаттамдарды уюштуруу маселеси боюнча кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле элчилик тарабынан Кыргыз өлкөсүнө мекендештерди жеткирүүдө рейстерди көп орундуу орусиялык учак менен камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Бишкекке учуп бара турган 200 орундуу учак 400 орундуу учакка, ал эми Ошко учуп бара турган 176 орундуу учак 300 орундуу учакка алмаштырылды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
daniel87
2020-06-15 17:46:35
Супер инфо админ сураныч качан Россия - Казахстан -Кыргызстан чек аралары ачылаарын тактап берсенер жакшы болмок.Екатеринбург шаарынан авиарейстер качан болот?
+1
Blackmoon
2020-06-15 18:04:50
Орусиядагы кыргыздарды алып келбегиле. Алып келсеңер эле кайран Москвам, обсервацияда жатпайбыз деп тополоң кыла беришет экен.
+4
Alinur96kg
2020-06-15 21:18:31
Ким билет,эртенки куну россияга жол ачкыла,бизди кетиргиле деп чыгышабы?Келгенден кийин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан