Соңку суткада республика боюнча жалпы 995 бейтап коронавирус илдетинен сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Штабдын маалыматына таянсак, өлкөдө жалпы 159 миң 280 бейтап оорудан сакайды.
Ал эми стационарда 2 миң 609 жана амбулатордук түрдө 4 миң 481 бейтап дарыланып жатат.