Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын СИЗОсунан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу Нурбек Токтакунов тастыктады.

Маалыматка ылайык, Сапар Исаковду 3-март күнү которушкан.

"Мага УКМКдан чалышып, Сапар Исаковду СИЗО-1ге которулгандыгы тууралуу маалымат беришти. Бул ЖЭБ боюнча чыккан чечимдин күчүнө кириши менен байланыштуу болсо керек. Бирок азыркы тапта Биринчи Май райондук сотунда Чолпон-Ата шаарында курулган ат майданы боюнча иш каралып жатат. Мындан улам Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын райондук сотто карап, УКМКда деле кармашса болмок", - дейт Токтакунов.

Айта кетсек, Сапар Исаков ЖЭБ иши боюнча 2 соттук инстанцияда тең күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан