Бишкек ЖЭБдеги кырдаал боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны депутат Осмонбек Артыкбаев менен депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторовдун кайым айтышуусу менен аяктады. Экөөнүн ортосундагы пикир келишпестикке ЖЭБди жаңылоодогу жабдыктардын баасынын жогорулатылып көрсөтүлүшү түрткү болду. Артыкбаев эгерде баалар кымбат деп айтылып жаткан болсо, кайра баалап чыгууга боло турганын айтып ачууланды. Андан кийин Токторов да ачууланып, жыйынтыгында, залда олтурган башка мүчөлөр ортого түшүүгө аргасыз болушту.
Буга чейин комиссиянын башка мүчөсү Аалы Карашев менен Электр станциялар” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун ортосунда пикир келишпестик чыгып, комиссия төрагасы Улан Примов Авазовго эскертүү берген.