Депутат Момбеков өлкөдө коррупция менен күрөшүү иши жүрбөй жатканын айтты

Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралды.

Анда депутат Рыскелди Момбеков өлкөдө эч кандай коррупция менен күрөшүү жүрбөй жатканын, укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү коррупционер экенин айтты.

"Силердин бүгүнкү 4 барак отчётуңар менен 3 мүнөттүк докладыңар биздин өкмөттүн өнүгүп кеткенинен кабар берет экен да. Көрсө, биз өнүгүп кеткен турбайбызбы. Ушундай да отчёт болобу? Коомдо болуп жаткан бир орчундуу коррупцияны айткан жоксуңар. Кечээ Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулунун "Бишкек ЖЭБине 250 миллион доллар гана кеткен, кычкачтын баасы 600 доллар деп жазышкан, видеокамералардын баасы 14 миң доллар болбойт" деп айткандан кийин силердин азыркы отчётуңарга эл күлөт.

Коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабын баштадык дейсиңер. Ким менен ким күрөшүп жатат? Бийликтеги адам өзү менен өзү күрөшүп жатат. Карапайым калкка силердин күрөшкөнүңөрдүн кажети жок. Алар өмүр бою коррупциянын торунда, коррупциянын жолунда. Туулганда дарыгерге 5 миң сом беришсе, өлгөндө жаназага молдого акча берет. Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин ал байкуш коррупциянын, жемкорлуктун жеми болот", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
cyrus
2018-03-16 16:09:26
Коррупция менен курошсо, баарынын былыктары ачылат да. Карга карганын козун чукубайт болуп.
+3
Mirlan27011987
2018-03-16 16:33:14
Куру создон майнап чыкпайт.
0
Bazake
2018-03-16 16:41:22
Президентке бут тосуулар катуу болуп жатат. Азыр Жээнбековду коомчулук колдоого алышы керек
0
ruslanz
2018-03-17 10:02:00
Жон эле эмес "арты менен кулот" деп айткан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан