Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди кабыл алууда депутаттар мыйзам бузууга жол берген эмес. Мындай пикирин SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
Иманалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди кабыл алууда депутаттарды айыптоо - негизги күнөөлүү тараптардын жоопкерчиликтен качуу аракети экенин айтты.
"Бул анын жеке субъективдүү ою, анын кылмыштык тарабы жок. Биринчиден, Конституцияга ылайык, эл аралык келишимдерди өкмөт гана демилге кыла алат, парламент кабыл алат же кабыл албайт, кошумча өзгөртүү киргизүүгө акысы жок. Экинчиден, ошол кезде кыргыз эли ЖЭБди жаңылоо керектигин жакшы түшүнчү. Биз жактырууга макулдук бердик. Себеби ошондон 2 күндөн кийин Кытай президенти расмий сапары менен келе жаткан. Биз келишимди жактырбай койсок, эл бизди эл душманы катары карамак. Ички техникалык, каржылык маселелерин кароо өкмөттүн түздөн-түз милдети. Биз келишимди бекитип бердик. Ал эми акча уурдагандар жоопкерчиликтен качуу үчүн ушундай айла көрүп жатат. Андай болсо, 97 депутаттын 90у добуш берген, ошолор күнөөлүүбү? Дүйнөлүк тажрыйбада парламент добуш бергендиги үчүн саясий жана моралдык жоопкерчилик алат, кылмыш жоопкерчилиги каралбайт. Ал эми 3 окууда бир эле добуш берүү болгону тууралуу сөз болуп жатса, анда регламентке ылайык фракциялар макулдашуу 3 окуудан бир өтсүн деген сунуш берсе, спикер чечимди добушка коё алат.
Укуктук баа берилсин дей турган болсо, анда 90 депутатка, төрагага, президентке да баа берилиши керек", - деди Иманалиев.
Айта кетсек, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишимин жактырууда мыйзам бузууга жол берген деп Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин ошол кездеги төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрөгасынын ошол кездеги орун басары Каныбек Иманалиев жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрөгасынын ошол кездеги орун басары Кожобек Рыспаевди айыптаган.
Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максатсыз сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.
Июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.