Коронавирус жуктуруп алган бейтаптардан кийин эле өмүрү кыл учунда тургандар - бул медицина кызматкерлери болуп саналат.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирустан улам алгачкы ооруган адам каза болгондон кийинки кейиштүү кабар 9 медицина кызматкеринин илдет жуктуруп алганы маалым болду. Алардын жетөө Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда иштегендер.
Жалал-Абад коронавирус катталган алгачкы облус гана эмес, учурда илдетти жуктуруп алгандардын саны боюнча да алдыңкы сапта. Соңку күндө коронавирус аныкталгандардын саны 14 адамга көбөйүп, жалпы саны 144кө жетти.
Дагы 3 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сакайгандардын жалпы саны 9га жетип калды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.