Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад облусундагы жалпы кырдаал боюнча Жалал-Абад жана Сузак району боюнча коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө "Ундун баасы 2000 сомдон жогорулап кетти. Монополияга каршы кызматы көзөмөл жүргүзүп жатабы?" деген суроо узатылды.
"Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу департаменти ишин жүргүзүп жатат. Коменданттык саат киргизилген алгачкы күндөрү мындай фактылар көп болгон. Ага ылайык, бүгүнкү күндө унга болгон бааны негизсиз жогорулатуу боюнча эки учур мыйзам чегинде каралып жатат. Албетте, мындай иш-аракеттерге карата чаралар колдонулат. Бирок жарандар дагы жардам бериши керек. Эгер азык-түлүккө болгон бааны мыйзамсыз көтөргөн фактыларга күбө болсоңор, токтоосуз бизге кайрылыңыздар. Маалымат жагынан бизге жардам бериңиздер" , - деп жооп берди комендант.