WhatsApp коронавирус тууралуу фейк маалыматтарды жайылтпоо максатында билдирүүлөрдү таратууга чектөө киргизди

Коронавирус эпидемиясы боюнча такталбаган маалыматтар менен күрөшүү максатында WhatsApp компаниясы бир нече жолу бөлүшүлгөн билдирүүлөрдүн таратылуусун чектейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кеминде 5 жолу таратылган билдирүү сизге келсе, аны бир гана жолу жөнөтүүгө болот. "Билдирүүнүн көп жолу бөлүшүлүүсү дайыма эле жаман эмес. Көпчүлүк колдонуучулар пайдалуу маалыматтарды, күлкүлүү видеолорду, учкул сөздөрдү бири-бирине жөнөтүшөрүн билебиз. Акыркы убакта колдонуучулар мессенжерди колдонуп, медицина кызматкерлерин колдогон бир нече акцияларды өткөрүштү. Ошого карабай коронавирус инфекциясы тууралуу жалган маалыматтарды жайылтпоо максатында WhatsApp көп бөлүшүлгөн билдирүүлөрдү чектөө чечимин кабыл алды", - деп жазылат компаниянын блогунда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2020-04-07 22:44:27
Интернет өчүрүп косоңор карантин бүткүчө.
-4
Gulya78
2020-04-07 22:54:45
Jelezo,адамдар ийне жипке асынып алышатко
+5
kuttubekuzgen
2020-04-07 23:44:19
Gulya78,туура айтасыз бир кашык сууга деле чогуп олушот анда.
+3
veneraaalieva
2020-04-08 03:01:15
Азыр элдин баары интернет менен алаксып уйдо отурат,жумушубуз да интернет менен бутуп жатат эгер очуруп койсо кантип чыдайт уйдо карантинге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан