Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана алардын ден соолугуна кам көрүү максатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кире беришине дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. Аларды орнотуунун максаты милиция кызматкерлеринин коронавирус илдетин жуктуруп алуусунун, оорунун таралуусунун алдын алуу жана санитардык эрежелерге ылайык коюлду. Милиция бөлүмдөрүнө кирген ар бир кызматкер жана атуулдар бул жай аркылуу өткөрүлөт", - деп билдиришти мекемеден.
Эл менен тыгыз иш алып барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине кам көрүү максатында алдыда башка РИИБдерге дагы дезинфекциялоочу туннелдерди орнотуу иштери улантылат.