Оренбургдан 164 мекендешибиз өлкөгө кайтып келди

Бүгүн, 20-майда "Манас" эл аралык аэропортуна "Тез Жет" авиакомпаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамындагы учак конду. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, учак менен 164 мекендешибиз өлкөгө кайтып келди.

"Кыргыз өлкөсүнө келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Бул рейс Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Оренбургдун Бузулук шаарында 560 Кыргыз жараны Казакстандын чек арасынан өтө албай, өлкөгө кайтып келе албай жатканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2020-05-20 23:41:21
Тополоң кылбай чыдап жаткыла эми
+9
bond02
2020-05-21 00:18:29
Гулзат Мамытбек чыгат эми менин демим менен келишти деп.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан