Бишкек шаарынын коменданты маалымат жыйын берди. Өткөн суткада коменданттык сааттын талаптарын бузуп, 57 адам кармалды (хронология)

Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйын берди.

2020-04-11 11:23:00

Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарында азык-түлүк коопсуздук боюнча маселе жоктугун айтты. "Жарандарды чагымчылдыкка, ушакка ишенбөөгө чакырам", - дейт ал.

2020-04-11 11:20:00

"2-апрелден 10-апрелге чейин электрондук уруксат берүү систем боюнча 21 миң 202 кайрылуу түшкөн. Биз тараптан 1 091 уруксат берилген", - дейт комендант.

2020-04-11 11:18:00

Анын айтымында, Бишкекте обсервациянын 5 пункту иштейт. "Ак-Кеме" мейманканасы, Улуттук онкология борбору, Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору, “Garden Hotel” отели, "Достук" мейманканасы.

2020-04-11 11:17:00

"Бишкек шаарында өткөн суткада коменданттык сааттын талаптарын бузуп 57 адам кармалды. Алардын ичинен 49 эркек жана 8 аял", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан