Бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков менен Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси Ниязбек Мойдинов онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында комендантка "Милиция кызматкерлерине мамлекет тарабынан кошумча акы төлөнүп берилеби?" деген суроо узатылды.
"Милиция жана аскер кызматкерлерине мамлекет тарабынан кошумча акы төлөп берүү каралган. Кошумча акынын көлөмү кылган кызматына жана наамдарына жараша болот", - деди Жоробеков.