Үй шартында коронавирустан дарылануу. Орусия, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүндөгү сунушталган алгоритмдер

29-июнга карата дүйнөдө COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 10 миллион 145 миң адамга жетти. Ал эми андан каза тапкандар 501 миң 893 адам болду.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын саны 5 миң 17 адамга жетти. Анын ичинен 2 миң 294 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, каза болгондордун жалпы саны 50гө жетти.

Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болуп баратат. Мындан улам үй шартында коронавирустун жеңил түрүн кантип дарыласа болот деген суроонун негизинде Орусияда, Казакстанда жана Кыргыз өлкөсүндө колдонууга сунушталган медициналык көрсөтмөлөрдү жарыялоону туура көрдүк.

1. Орусия.

Орусия коронавирустун жеңил түрү менен жабыркагандарды үй шартында дарылоону март айында эле баштаган. Анда Орусиянын саламаттыкты сактоо департаменти үйдө дарыланууга уруксат берилген жарандар үчүн төмөндөгүдөй алгоритмди иштеп чыгышкан.

Кимдер коронавирустан үйдө дарылана алат?

  • дене табы 38 жарымдан төмөн болгондор;
  • дем алуусу оорлошпогондор;
  • дем алуунун жыштыгы мүнөтүнө 30дан (дем алуу, дем чыгаруунун саны) төмөн болгондо;
  • кандын кычкылтек менен камсыздалышы 93 пайыздан жогору болгондо. Ушул белгилери бар бейтаптар үй шартында дарыланууга жөнөтүлөт. Бирок абалы оорлошсо, дароо "Тез жардам" кызматына кайрылыш керектиги эскертилет.

Үй шартында коронавирусту дарылоонун алгоритми:

  • Лопинавир + ритонавир - вируска каршы дарылардын айкалышы. Буларды 14 күнгө чейин ичиш керек;
  • Дарылоонун калган бөлүгү курч вирустук респиратордук ооруларды дарылоодогу классикалык ыкма менен жүргүзүлөт. Мисалга алсак, сууну көп ичүү, дене табын түшүрүүчу дарыларды колдонуу. Көбүнчө парацетамол.
  • Үйдө санитардык талаптарды аткаруу керек.
  • Биринчи кезекте үйдү нымдуу тазалоодон өткөрүп туруу;
  • Ооруп жаткан адамдын идиши, кийими, жаткан жерлери, шейшептери дезинфекцияланып турушу керек;
  • Үйдө сөзсүз түрдө колду тазалоодон өткөрүп турган каражаттар болушу керек;
  • Бөлмөлөр желдетилип турушу шарт;
  • Коронавирустун жеңил түрү деле айланадагылар үчүн кооптуу. Ошондуктан илдетке кабылган бейтап менен бирге жашы 55тен жогору болгон адамдар, кош бойлуулар, өнөкөт оорусу барлар чогуу жашаса, алар тобокел тобундагы жарандар катары ооруканага жаткырылат.
  • Үйдө дарыланып жатканды караган адамдын саламаттыгы дагы бекем болуп иммунитети күчтүү болушу керек.
  • Кайсы учурда үй шартында дарыланган бейтап айыкты деп эсептелинет?
  • Буйрукка ылайык, курч респиратордук вирустук оорунун белгилери жоголгондо жана коронавируска карата 48 саат аралыгы менен тапшырылган эки ПЦР-анализи таза чыккан шартта гана бейтап айыкты деп эсептелинет.

2. Казакстан

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, коронавирустун жеңил түрү менен ооруп жаткан бейтаптар үй шартында, аймактык дарыгеринин көзөмөлү астында дарыланса болорун билдирген. Бул учурда үйдө дарыланып жаткан адам сөзсүз түрдө ден соолугуна күнүмдүк мониторинг жүргүзүшү керектиги кошумчаланат.

Кимдер коронавирустан үйдө дарылана алат?

Оорунун жеңил түрүндө адамдын дене табы 38ге чейин көтөрүлөт, андан ашпайт же такыр эле жогору дене табы байкалбайт. Алсыздык, оорлошуу, тердөө, миалгия (булчуң оорусу), сөөк, муундардын какшап оорусу, баш оору, тамактын кычышуусу, жөтөл, даам жана жыт сезүүнүн жоголушу, ич өтүү. Мына ушул белгилер байкалары менен аймактык дарыгерге кайрылып, анын көрсөтмөсү менен төмөндөгүдөй алгоритмдер аткарылышы шарт:

  • төшөктө жатуу режимин кармануу (күн бою төшөктө жатуу сунушталбайт);
  • көп суусундук ичүү (мисалы, жалпы салмактын 1 килограммына 30 миллилитр суу туура келгендей); Суусундук катары эмнелерди ичсе болот? Газы жок суу, компот, морс, чай, шорпо.
  • Оору аныкталгандан баштап 5 күн ичинде адам өзүнүн ден соолугунун абалынын динамикасына байкоо жүргүзүүсү керек;
  • 5 күндөн кийин дене табынын көрсөткүчү 38,5тен ашса, алсыздануу кетпесе, дем алуусу оорлошсо бактерияга каршы дарылоо курсу дайындалат. Анда 1 күнгө азитромицин 500 миллиграмм, кийинки күндөр үчүн 250 миллиграмм жазылат. Бул дарыны көрсөтүлгөн дозада 4 күн ичүү дайындалат.
  • эгер дене табынын көрсөткүчү 38ден жогоруласа, суткасына 3-4 жолу парацетамол 500 миллиграмм же ибупрофен 200 миллиграмм кабыл алуу сунушталат;

  • Кошумча дарылоо курсу дарыгер тарабынан гана белгиленет.

  • Мындан тышкары дарыланып жаткан адам өзүнө физикалык күч келтирбеши керек.

  • Өнөкөт оорулары барлар базалык дарылануусун улантышы керек.

Дарыланып жаткан учурда төмөндөгү белгилерге байкоо жүргүзүү керек (дептерге жазып, аймактык дарыгерге жөнөтүп туруу сунушталат):

  • Дем алуунун жыштыгы;
  • дене табынын көрсөткүчү;
  • кан басым;
  • дем алуунун кыйындашы;
  • жөтөлдүн пайда болушу, күчөшү.

Сунушталбайт:

  • дүкөнгө барууга, сейилдөөгө, конокторду кабыл алууга;
  • лабораторияга тест тапшыруу жана кан тапшыруу үчүн барууга (себеби клиникалык белгилер пайда болгондо анализ тапшыруунун кажети жок);
  • компьютердик томографиядан өтүүгө (себеби өпкөдө өзгөрүүлөр белгилүү бир мезгилде гана пайда болот, бейтап ал учурга туш келбей калышы мүмкүн);
  • өпкөдөгү анча-мынча өзгөрүүлөр дарылоо тактикасын алмаштырбайт.

3. Кыргыз өлкөсү.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндөгү Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбору ОРВИнин же коронавирустун белгилерин өзүнөн байкап, ооруга чалдыктым деп шек санаган жарандарга эмне кылуу керектиги тууралуу төмөндөгүдөй алгоритмин жарыялаган.

Эгерде сизде төмөнкүлөрдүн ичинен бир же бир нече белгилери байкалса:

* тамагыңыз ооруп же кычышса;

* жөтөлсөңүз;

* дене табыңыз көтөрүлсө;

* ичиңиз өтсө;

* алсыздансаңыз, тердесеңиз;

* муундарыңыз какшап, булчуңдарыңыз ооруса.

2. Анда төмөнкүдөй аракеттерди көрүңүз:

* Үйдө болуңуз,

* Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдөгү кыймылды азайтыңыз),

* Гигиенаны сактаңыз (бет кап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуз, өзүнчө идиш колдонуп, бөлмөнү желдетип туруңуз),

* 118 номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге чалыңыз. Сизде болуп жаткан белгилер жөнүндө SMS да жөнөтсөңүз болот.

* муктаждыкка жараша дарыланууну баштаңыз.

3. Симптомдуу дарылоо:

* суюктукту көп ичиңиз (суу, чай, компот),

* дене табыңыз 38,5 °Cден жогору болсо парацетамол же ибупрофен ичиңиз.

4. Башка өнөкөт ооруларды да дарылоону улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу, богок жана башка)

5. Абалыңызга көзөмөл жүргүзүп туруңуз:

* Дене табыңызды өлчөп туруңуз,

* Тамырдын согушун байкаңыз,

* Дем жетишпей жатабы же жөтөл көбөйдүбү көңүл буруңуз.

6. Бул белгилер болсо күн сайын үй-бүлөлүк дарыгерге абалыңыз жөнүндө айтып туруңуз.

Эскертүү! Жогоруда мисал келтирилген алгоритмдердин кайсы бирин колдонуудан мурун сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алуу керек.

Учурда коронавируска чалдыккан жарандарыбыз көбөйүүдө. Мурункудай жашырынбай социалдык тармактар аркылуу абалын билдергендер көбөйүүдө. Арасында дарыгерлер дагы бар. Алсак, Челябинск шаарынын ооруканасында хирург, уролог болуп иштеген мекендешибиз Кубаныч Сыдыков аттуу дарыгер коронавируска чалдыккандарга кеңешин берген: "Чыныгы вирусту өлтүрө турган дары жок. Болгону симптоматикалык дарылоо, вируска каршы дары каражаттары, кандын коюлангандыгын жөнгө салуу үчүн кыска таасирлүү антикоагулянттар, өпкөнүн сезгенгенинде - антибиотиктер. Коронавируска каршы дарылоодо глюкокортикостероиддик гормондор да өз салымын кошууда. Мен андай дарылан, мындай дарылан деп айтуудан алысмын, болгону сиз көрүнгөн дарыгердин кеңешин угуңуз. Оорубаңыздар, сакайып кетиңиздер", - деген ал.

Ал эми Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматынын үй карантининде жаткан реаниматолог-анестезиологу шаардык мэриянын суранычы боюнча коронавирус тууралуу жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берген.

Эскертүү! Жогоруда мисал келтирилген алгоритмдердин кайсы бирин колдонуудан мурун сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алуу керек.

Реаниматолог: "Бишкекте дене табы көтөрүлгөндөр, пневмонияга шектелгендер тарабынан чакыруулар көп болуп жатты"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PROS
2020-06-30 16:26:36
Сасык тумоо менен ооруган бирөө жарым барбы деги??? Быйылкы жылы коронавирусту укканда сасык тумоо качып кеттиби же?!
0
Nursul
2020-06-30 21:16:09
PROS, айткандан деле коркуп жатышат ко дейм айтса эле каронавирус кылып атышса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан