Өзбекстанда бүгүн, 15-апрель саат 12:00гө карата коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 214кө жетти. Коңшу мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вирус менен ооруган дагы 10 бейтап илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылды. Алардын арасында 5 жаштагы бала бар. Муну менен бүгүнкү күнгө карата айыккандар 99га жетти деп айтылат маалыматта.
Учурда коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптардын бешөөнүн абалы оор, дагы бир бейтаптын абалы өтө оор деп бааланып жатат.
14-апрелде Ташкентте эки клиникалык оорукана карантинге жабылды. Азырынча ооруканалардын карантинге жабылуусунун себеби айтыла элек.