Бүгүн, 17-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн жыйын берди. Жыйында коомчулуктан "Жакында күтүлүп жаткан коронавирус эпидемиясынын туу чокусуна өлкө даярбы?" деген суроо жаңырды. Ага саламаттыкты сактоо министринин орун басары "20-апрелден 24-апрелге чейин коронавирустун күчөгөн маалы болот деп күтүп жатабыз. Обсервацияларда атайын орундар каралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да бул жактан камданып жатат. Кошумча орундуктар жетиштүү санда даярдалат", - деди Үсөнбаев.