Орусиянын 62 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 3 миң 388 адам коронавирус жуктуруп алып, 28 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 774;
Москва облусунда - 272;
Мурманск облусунда - 137;
Санкт-Петербург шаарында - 130 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 84 аймагынан жалпы 24 миң 490 адам коронавирус жуктуруп, анын 198и каза болсо, 1 миң 986 бейтап айыкты.