"Дарыгерлер мындай темпте ооруй берсе, эртең дарыгерлери жок калбайбызбы?" деп сурады депутат

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов өлкөдө канча инфекционист бар экенин сурады.

Анда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов алдындагы барактарды карап баштады. Депутат министр бул тууралуу маалыматты жатка билиши керектигин айтты.

Депутат: "Мындай темпте кете турган болсо, дарыгерлери жок калбайбызбы?", - деп сурады.

Министр дарыгерлердин жетишсиздиги болбой турганын билдирди.

Коронавирус оорусун жуктуруп алган дарыгерлердин саны 98ге жетти. Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 28, Жалал-Абад облусунда – 8, Ош облусунда – 20, Баткен облусунда – 2, Чүй облусунда – 1, Нарын облусу – 6.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан