Чет мамлекеттерде вакцина алган жарандардын сертификаттары Кыргыз өлкөсүндө таанылат. Тизмеде 20 өлкө

Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирген жарандар акыркы 72 саат аралыгындагы ПЧР–тесттин жыйынтыгын же коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы вакцина алынгандыгы тууралуу сертификаттарды көрсөтүүсү зарыл. Мындай талап коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритмине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бүгүнкү күндө төмөндөгү мамлекеттерде вакцина алынгандыгы тууралуу берилген сертификаттар таанылат:

1. Америка Кошмо Штаттары;

2. Бириккен Араб Эмираттары;

3. Венгрия;

4. Германия;

5. Грузия;

6. Европа Биримдиги (Бельгия, Брюссель шаарындагы Уюмдун медицина кызматы тарабынан берилген сертификат);

7. Израиль;

8. Казакстан;

9. Катар;

10. Корея;

11. Өзбекстан;

12. Польша;

13. Орусия;

14. Румыния;

15. Сан–Марино;

16. Сауд Арабия Королдугу;

17. Түркия;

18. Улуу Британия;

19. Франция;

20. Швейцария.

Министрлик башка өлкөлөрдүн сертификаттары да кошулушу мүмкүн экенин, ага жараша жогорудагы тизменин өзгөрөрүн белгилейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-07-02 09:33:09
Ошондо ПЦРи жок эле учуп келсе болобу?
0
Belek1710
2021-07-02 09:34:27
Кытайдыкын өзүбүз алып атабыз анда эмнеге жок тизмеде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан