Өлкөдө дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 21-апрелге карата абалды айтып жатып билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 8;
Ош облусу – 3;
Ош шаары – 6;
Нарын облусу – 5.
Маалымат берип жатып Үсөнбаев коронавирус аныкталган 22 адам обсервацияда болгонбу, үй карантиндеби же шек саналбаган эле жарандардан чыкканбы айткан жок.
Муну менен өлкө аймагында аталган инфекцияны жуктургандардын жалпы саны 590ду түздү.
Жалал-Абад облусу – 105
Ош облусу – 150
Ош шаары – 93
Чүй облусунда – 32
Бишкек шаарында – 123
Баткен облусунда – 6
Нарын облусу – 73
Ысык-Көл облусунда – 8
Алардын ичинен 321 – аял киши, 269 – эркек киши.