Коңшу Казакстан коронавируска каршы толук сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалымат ылайык, аталган өлкө сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албайт. Бул 11-августта каттоодон өткөрүлгөнүн жарыялаган орусиялык вакцинага да тиешелүү.
"Бүгүнкү күнгө карата Казакстан вакцина сатып алуу боюнча бир дагы келишимге кол коё элек. Анткени алар сыноонун акыркы, тагыраагы, төртүнчү баскычынан өтө элек", - деп жазылат маалыматта.
Орусиянын "Спутник V" деген аталышка ээ болгон вакцинасы бардык зарыл болгон клиникалык сыноолордон өтпөгөнү белгилүү. Ал мамлекеттик каттоого алынгандан кийин сыноонун үчүнчү баскычынан өткөрүлөт. Орус өкмөтү алгачкылардан болуп бул вакцинаны медицина кызматкерлери жана мугалимдер аларын билдирген.