Бир суткада 124 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 65;
Чүй облусу – 28;
Талас облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу - 4.
Жалпы - 180 миң 865 адамдан коронавирус аныкталган.
Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 106 адам. Жалпы 175 миң 302 адам сакайган.