Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктурду.
Нарын облусунда – 6;
Ош облусунда – 2;
Ош шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 1.
Инфекция менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 172ге жетти.