Сапар Исаковдун жактоочусу Асылбек Жээнбеков менен 3 депутаттын жоопкерчилигин кароону талап кылууда

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековду жана ошол кездеги 3 комитеттин төрагаларын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Жактоочунун SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, ал буга чейин эле ушундай билдирүү менен УКМКга кайрылган.

Айтымында, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар. Ошол эле учурда парламенттеги тиешелүү 3 комитеттин төрагаларын да жоопко тартуу керек экендигин белгилейт. Алар Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев жана Кожобек Рыспаев. Токтакуновдун айтымында, алар бул маселени коомдук талкууга койбой туруп карашкан, мындан улам Кылмыш кодексиндеги "Шалаакылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде жоопкерчиликке тартылуусу керек.

"УКМКдан мага "Жогорку Кеңештин аппаратынын жоопкерчилигин карайбыз да ишке тиркейбиз" деген канааттандырбаган жоопту беришти. Бул жерде мен Жогорку Кеңеш жөнүндө кайрылып жаткан жокмун да, ошол кездеги спикер менен комитеттердин 3 төрагасы тууралуу айтып жатам. Азыр тергөө аяктоо алдында турат, буга байланыштуу мен Сапар Исаковдун үстүнөн кылмыш ишти токтотуу тууралуу да өтүнүчүмдү киргиздим жана ага бардык тиешелүү аргументтерди келтирдим. Исаковго карата козголгон кылмыш ишин кароо жалаң жаш сотторго жүктөлдү, бул да жөн жерден эмес", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан