Мамлекеттик айыптоочу: "Исаков саясат жөнүндө эмес, ЖЭБ боюнча сүйлөсүн"

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлук боюнча соттук отурум өтүүдө. Бүгүнкү отурум айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү менен башталган.

Учурда Сапар Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоодогу иштер тууралуу өзүнүн көрсөтмөсүн берүүдө. Бул учурда мамлекеттик айыптоочу менен Исаковдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты.

Мамлекеттик айыптоочу Исаков саясатты эмес, Жылуулук электр борборун жаңылоодогу иштери боюнча сүйлөсүн айтып, жактоочу суроолорду берүүсүн өтүндү.

Буга Сапар Исаков бул иш өзү саясат экенин айтып, чыдап туруусун, азыр ал уккусу келип жаткан көрсөтмөгө өтөрүн айтты.

Ошондой эле жакточу Нурбек Токтакунов дагы мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучунун сөзүн бөлбөй угууга милдеттүү экенин эскертти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2019-10-30 11:58:16
Бул бала чеченсинип берилген суроолордон качып жатат, созду ар кайсы жакка буруп.
+2
altyn-kumush
2019-10-30 11:59:19
Сапар балашка эми кимге дартын айтат. Саясатты коюп, кычкач менен камераны сүйлосүн жестко.
+3
Erik2018
2019-10-30 12:01:15
прокурор эн туура айтыптыр Сапар кылган кылыгы боюнча жооп берип анан башканы айтса жарашат ТЕЦ боюунча суйлогусу келбесе Тарых музей боюунча суйлосун
+1
Erik2018
2019-10-30 12:04:12
Баарынан кызыгы, ошол 386 миллион долларга ТЭЦтин болгону 30%ы гана модернизацияланган болуп чыгууда. Ал эми башка мамлекеттерде кандай? Мисалы, коңшулаш Тажикстанда 349 миллион долларга жапжаңы ТЭЦ курулду. Кызыгы, ал ТЭЦти деле ошол эле кытайлык ТВЕА курган.
Арменияда дагы жаңы ТЭЦ курулууда. Анын наркы болгону 285 миллион доллар деп бааланды.
Булар жаңы ТЭЦти ушундай арзан баада куруп атышса, биз неге ТЭЦтин 30%ын гана алардан алдаканча кымбат баада модернизацияладык? Кызык сурооб
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан