Бүгүн, 30-апрель саат 23:00гө карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. АКШ - 1 миллион 46 миң 22
2. Испания - 239 миң 639
3. Италия - 205 миң 463
4. Франция - 166 миң 628
5. Улуу Британия - 166 миң 443
6. Германия - 162 миң 123
7. Түркия - 120 миң 204
8. Орусия - 106 миң 498
9. Иран - 94 миң 640
10. Кытай - 83 миң 944
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 3 миллион 231 миң 701. 9-мартта бул көрсөткүч 111 миң 228, 17-мартта 183 миң 356, 27-мартта 551 миң 337, 10-апрелде 1 миллион 619 миң 495 адам эле.
Буга чейинки менен азыркы рейтингдин айырмасы бул 20 күндөн кийин Бельгия менен Швейцариянын ордуна Улуу Британия менен Орусиянын кошулганы болду. Алдыңкы 4 сапта айырма жок. Ал эми илдеттин очогу болгон Кытай 6-орундан 10-орунга түштү. Эгерде абал ушундай эле жакшы болуп уланса, анда Кытайды жакынкы күндөрү Бразилия ондуктан сүрүп чыгат.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.