"Кыргызстандын эли кыйынчылыкка дуушар болуп турган мезгилде, айрым жарандар жана жалпыга маалымдоо каражаттары ушак-айың кептерге ишенип, чындыкка жатпаган маалыматтарды таратышууда. Алар колдорунда эч бир тастыктоочу документтери жана негиздери жок туруп «Биримдик» партиясын ачыктан ачык мыйзам бузууга айыпташууда. Муну менен алар Кыргызстандын жарандарын адаштырып, «Биримдик» партиясынын ар-намысына жана беделине көө жабышууда.
«Биримдик» партиясы эч кандай үгүт иштерин жүргүзүп жатпаганын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иштеп жатканын расмий түрдө билдиребиз. Эгерде мындай маалыматтарды таратып жаткандарда конкреттүү такталган далилдер болсо, анда аларды келтирип, тийиштүү органдарга арыз жазып кайрылсын. Интернетке чыгарылган фото, сүрөт далил боло албайт деп эсептейбиз. Жалаа жайылтуу менен алектенип жатышкандар мындай кайрылууларда далилдер жок болгон учурда, биз көрүп тургандай, жалган айыптоолору үчүн жооп бере тургандарын эң жакшы билишет.
«Биримдик» партиясынын мүчөлөрү карантиндин алгачкы күнүнөн тартып бүткүл өлкө боюнча жардамга муктаждарга жардам берип келатат жана мындан ары да жардам көрсөтүүсүн уланта берет. Мындай жардамды башка партиялар, депутаттар да көрсөтүүдө, бул туурасында алар соцтармактардагы баракчалары аркылуу калкка маалымдашууда. Расмий органдардан, эгерде мындай ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда бул боюнча кат жүзүндө түшүндүрмө берип коюну өтүнөбүз. Биз айрым чагымчыларга кыйын абалда калган жарандарга жардам көрсөтүүгө болгон өз укугубузду чектөөгө жол бербейбиз. Биз бир үй-бүлөдөй өлкөбүз, баарыбыз бирдиктүүбүз жана бири-бирибизге жардам беребиз, биз бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, жеңип чыгабыз!
Биздин күчүбүз биримдикте!"