Атактуу футболчу Криштиану Роналду машыгууларын баштоо үчүн Италияга кетти

Италиянын "Ювентус" клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу, атактуу футболчу Криштиану Роналду машыгууларын баштоо үчүн Португалиядан Италияга жөнөп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Роналду жекшемби күнү Турин шаарына кайтып келиши керек болчу. Бирок анын менчик учагы Испаниянын аба мейкиндигинде учууга чектөө коюлгандыктан, Португалиянын Мадейра шаарынан учуп чыга алган эмес. Азыр Роналду 2 аптага өзүнчө обочолонууга аргасыз болот, ошондон кийин гана командалаштары менен машыгууга кайтып келет.

Эске салсак, Италиянын Министрлер кеңеши жогорку лиганын (А Сериясы) клубдарына эпидемияга каршы чараларды көрүү шартында машыгууларды улантууга уруксат берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
isarti
2020-05-05 20:15:22
Футбол коргон кундор качан келееет!
+1
nurgaz
2020-05-05 21:06:28
Кетпей эле португалияда эле журот деп тушундум
-2
Accord.396
2020-05-05 22:42:59
nurgaz,анда тушунбопсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан