Казакстандагы суу каптаган айылда жайгашкан мечитти суу каптамак тургай, имараттын короосуна да кирген эмес. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышып, анын абалын чагылдырган видео жарыяланды. Анда чоң аянтты каптаган суу бир гана мечиттин короосуна кирбей, башка үйлөрдү каптаганын көрсө болот. Айылдагы турак жайлар сууга чөмүлүп, бирок мечит айылдын ортосунда жайгашканына карабай, ага суу кирбей, мечит кургак боюнча калган.
Бул видеону социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, "жараткандын керемети" деп жазышууда.
Белгилей кетсек, 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Ал эми жарылган дамбанын кесепети Казакстандын 4 айылына тийип, андагы жарандар эвакуацияланган.