Орусияда коронавирусту жеңген аял ооруканада жанын кыйды

Орусиянын Ставрополь өрөөнүндө улгайган аял коронавирустан айыккан соң, ооруканада өз жанын кыйды. Бул тууралуу аймактын губернатору Владимир Владимиров социалдык баракчасына билдирүү калтырган.

Губернатордун айтымында, вирустан сакайган аял ооруканадан чыгууга даярданып жаткан. Бирок үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам жанын кыйган. Учурда иликтөө иштери башталып, ооруканада кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө баарыбызга оңой эмес. Көпчүлүктүн нерви чыңалып турат. Учурда көңүл бурууга муктаж адамдарга өзгөчө маани берип, колдоп коюу керек", - деп жазган Владимир Владимиров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dair_17
2020-05-14 08:28:43
Туугандары бизге да оору жуктурасын дешсе керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан