"Дарыгерлерди коронавирус менен ооруду деп каттап, берилген акчаны экиге бөлүп алалы деген топтор пайда болуптур", - деп бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Эл өкүлү бул боюнча маселени көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
"Дарыгерлерди коронавирус менен ооруду деп каттап, 200 миң сомду алып, 100 миң сомду силерге, 100 миң сомду биз алалы деген топтор пайда болуптур. Кайсы райондордо экени боюнча маалыматты өкмөт өкүлдөрүнө берем.
Айрым чиновниктер ушул кырдаалдан пайдаланып, элге душмандык кылып жатышат. Азык-түлүктөрдүн бааларын көтөрүү боюнча органдарга тапшырма берүү керек. Элден чогулган акчалардын сарпталышын, медицина кызматкерлерине акча бөлүштүрүүнү, тендерлерди өткөрүү маселесин көзөмөлгө алуу зарыл", - деди Маматалиев.