Бүгүн, 13-июнь саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу жаңыланган маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тааныштырды.
Акыркы сутка ичинде 41 жарандан илдет аныкталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми калган 18 катталгандардын жугузуп алган булагы табыла элек.
Бүгүнкү күнгө карата 54 бейтап оорудан айыкты делинип стационарлардан чыгарылса, дагы бир бейтап каза болду.