Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу эмес. Мындан улам коомдук транспорттор азырынча ишке киргизилбейт дейт вице-мэр Асылбек Топчубаев.
"Шаар ичинде жарандардын бир жерден экинчи жерге баруусу кыйынчылык жаратып жатат. Бирок дүйнөлүк практика көрсөтүп жаткандай, коомдук транспортто жүрүү коронавирусту жуктуруп алууну күчөтөт. Ош шаарында абал туруктуу болбой жатат. Мындан улам азырынча коомдук транспортторду каттамга чыгарбай турабыз.
Жалпысынан шаар боюнча коомдук транспорт тармагында 238 кызматкер иштеп келген. Бүгүнкү күндө жумушчулар кыскартылып, 35 кызматкер иштеп жатат. Анын 10у айдоочу. Айдоочулар укук коргоо кызматкерлерин ишке алып барып, алып келүү үчүн тартылган 5 автобусту нөөмөт менен айдашат.
Эгерде коомдук транспортту ишке чыгара турган болсок, автобус менен троллейбустарга 30дан ашык жүргүнчү отурганга болбойт. Транспорттор бардык санитардык талаптарды аткаруу менен гана ишке чыгышы мүмкүн", - деди Топчубаев.