Обсервацияда иштеп коронавирус жуктурган дарыгер: "Тесттерим таза чыгып жатып эле коронавирус менен ооруп калдым" (маек)

Төмөндө сөз кылчу каарманыбыз кызмат учурунда коронавирус илдетин жугузуп, оор абалга түшүп, 20 күн дегенде араң өзүнө келген. Аты-жөнүн жашырууну туура көргөн Ош облусундагы дарыгер "биз милдетибизди аткардык" деп вирус менен кантип күрөшкөнү тууралуу айтып берди.

"Медицина кызматкерлерине кандай шартта иштөө эрежелери толук түшүндүрүлгөн эмес"

- Биз алгач март айында умрадан келген жарандарды обсервацияда караганбыз. Чынында, шарт жакшы болгон жок, ага карабай милдетибизди аткардык. Элдин башына оор сыноо түшкөндө, бар күчүбүздү жумшашыбыз керек деп чын дилден иштедик. Мен 35 күн бою күн-түн дебей кызматымды аткардым. Мобилдүү бригадаларды уюштуруп, жер-жерлерди кыдырып, ажыдан келгендер менен байланышкандарды аныктадык, тест алдык. Бизде коргонуучу кийим деле жетиштүү болчу. Болгону медицина кызматкерлерине кандай шартта иштөө эрежелери толук түшүндүрүлгөн эмес. Балким ошол себептен инфекцияны жуктуруп алган окшойбуз. Обсервацияда 127 адам болуп, баарына өзүм башында туруп, көзөмөлдөп жаттым. Экспресс-тест, ПЦР тест тапшырганда баары таза чыгып жаткан...

"20 күндө араң өзүмө келдим"

- 1-бригаданын кызматкерлери 14 күн иштеп, анан обсервацияга чыкты. Мен жетекчи катары үлгү болушум керек деп өзүм башында туруп, экинчи бригадага кошулдум. Эл менен кошо обсервацияга жатып алсам, анда туура эмес болуп калмак. Апрель айында күтүлбөгөн жерден жүрөгүм кармап калды. Кан басымым 200дөн ашып, чукул убакта аба жетишсиздиги пайда болду. Ага чейин кан басымым туруктуу болчу, бир да тынчымды алган эмес. Дароо амбулатордук диагностикалык бөлүмгө алып барышты.Текшерүүдөн соң инфаркт болушума аз калгандыгын айтышты. Ал жакта кечке чейин карашып, аба жетишсиздигинен улам жугуштуу оорулар бөлүмүнө которушту. Өпкөмдү рентгенге тартышып, пневмония диагнозун коюшту. Чынында, дарылоо оор болду, кыйналдым... 20 күн дегенде араң өзүмө келдим. Кудай насип кылып, дарылануум ийгиликтүү болуп, анализимден коронавирус жок болуп чыкты. 9-май күнү толугу менен сакайып, ооруканадан чыктым. Азыр үй карантининдемин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турам. Учурда менин орун басарым ооруканада коронавирус менен күрөшүүдө. Анын абалы өтө оор болуп жаткан, Кудайга шүгүр азыр оңолуу жолуна түштү.

"40 жылдык өмүрүмдү медицинага арнадым"

- Дарыгерди дарылоо да кыйын чынында. Азыр жашым 63тө, 40 жылдык өмүрүмдү кесибиме арнагам. Бирок мени дарылаган жаш балдарга ишенип, аларга өмүрүмдү ишенип тапшырдым. Өзүм баарынан кабардар болгондуктан, кандай дары берип жатышат, кантип дарылап жатышат, баарын көрүп-билип жаттым. Мен учурдан пайдаланып, мени сакайтып чыгарган балдарга, Бишкектен келген дарыгерлерге ыраазычылык айтам. Алардын профессионалдуулугу менен оор абалдан чыгып, азыр үй-бүлөмдүн кашында отурам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан