Оштун Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда жана борбордук базарда ун сатылууда

Ош шаарында кошумча уюштурулган пункттарда ун сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасынын негизинде шаарга кире бериш жерлерине ун сатуу жайлары уюштурулду.

Бүгүн, 19-март Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда жана борбордук базарда ун сатылууда. Биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1 350 сомдон туруктуу баада сатылууда. "Тулпар" ун комбинатына 150 тонна ун жана 350 тонна буудай келип түшкөн. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 150 тонна ундун келиши күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, эртең, 20-марттан баштап ун борбордук базарда гана сатылат. Коопсуздук жана баш аламандыкты алдын алуу багытында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tavanova.sarah
2020-03-19 15:16:59
Оронуп алсале баары озбек боло берет беле?!
0
Alixan-Nookat.2015
2020-03-19 15:37:35
Алайын деп барсам эки катар болуп тизилген эл башка райондордон дагы келгенби кезек тийгидей эмес кетип калдым. Ош Араван жолунун жээгинде болгондугуна байланыштуу автоунаа тыгыны пайда болуп өткөн кеткенге эл эл экен ыңгайсыздык жаратышты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан