Мурунку жетекчиси былтыр дүйнө салган. Бишкектеги №78 мектептин директору каза болду

Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Мурат Жумалиев каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта жазылгандай, ал кечээ, 25-июлда каза болгон. Мугалимдин өлүмүнө эмне себеп болгону ачыкталган эмес.
Мурат Жумалиев өмүрүнүн 39 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Ал №78 гимназия мектебине 2020-жылдын август айынан баштап директорлук кызматка дайындалган.
Буга чейин Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияны, №85 мектепти жетектеген.
Жумалиев эмгек жолунда "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыган жана бир катар мекемелердин мактоо баракчалары менен сыйланган.
Эске салсак, былтыр аталган гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада пневмониядан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан