Кыргыз Республикасынын президентине
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасына
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын ардагерлеринен
АЧЫК КАЙРЫЛУУ
Урматтуу өлкө жетекчилери! Акыркы мезгилде биздин уулубуз, академик Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичке бир ууч топтун жалган жалаа жаап, куру доомат коюп жатканын, мындай ээнбаштыкка жана адепсиздикке тиешелүү органдардын чара көрбөй жатканы биздин сабырыбызды түгөтүп баратат. Илимпоз, мамлекеттик ишмер катары өлкөгө эмгеги сиңген адамды минтип кодулоо, мазактоо, ур-тепкиге алуу акылга сыйбаган нерсе.
Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. Сыймык Жапыкеев баштаган топтун үрөй учурган чакырыктары башаламандыкка, жапайычылыкка жол бербейт деп ким кепил боло алат? Мындай коркунучтуу аракеттерге УКМК тиешелүү аракетин көрүшү керек эле. Мындай чакырыктардан улам, эртең кокус экиге бөлүнгөн тарапташтар радикалдуу кадамдарды жасап жиберсе ким жооп берет?
Элибиздин ийгилиги ынтымакта. Биз үчүн эң баалуусу – бул ынтымак. Биздин угушубузга караганда Кубанычбек Жумалиевге карата текшерүүлөр башталыптыр. Маалымат катары айта кетели, 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөн соң бийлик башында жүргөн аткаминерлер өлкөдөн качкан кезде Кубанычбек Жумалиев өзүн коррупцияга аралашпаган тазалыгы менен өлкөдө калган. 2 төңкөрүштөн соң жалаачылардын демилгеси менен 2 ирет катуу текшеришкен. Колго илинээр бирдеме таппаганынан жана элдин колдоосунан улам, бүгүнкү күндө да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык кызматын аткарууда. Мурунку убакта бийликте жүргөнү үчүн гана текшерүүлөр боло турган болсо, анда бир нече жүздөгөн адамдарды текшерүү керек. Кубанычбек Жумалиевдин биздин элге жасаган эмгегин элибиз унута элек. Таш-Көмүр – Кара-Жыгач кара жолун өз аракети менен асфальт жолго айландырган. Бул бир гана мисал. Коронавирус илдети каптаган кечээки эле кырдаалда четте турбай, элге колдон келген чоң жардамын берип жатты.
Көпчүлүгүбүздө “бай жаман” деген түшүнүк калыптанып калгандай. Мындай ишкер адамдар болбосо, жумуш орундары кайдан түзүлөт, мамлекетке салыктар кайдан түшөт? Кумтөр сыяктуу кен байлыктар, “Автомаш” сыяктуу заводдор, нечендеген насостук станциялар жана башка толуп жаткан мүлктөр тонолду. Кубанычбек Жумалиев ишканаларды куруунун үстүндө аракеттенип жүрөт. Акыркы эле бир мисал, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде цемент заводун курууда. Бул завод ишке кирсе көптөгөн адамдар жумуш орундары менен камсыз болот. Өлкө бюджетине ири салыктар түшөт. Элибиз үчүн эң керектүү курулуш материалы болгон цементтин баасы төмөндөйт. Ар бир адам бирөөгө сын айтуудан, жалаа жабуудан мурда “мен мамлекет үчүн эмне жасап койдум?” деп өзүнө суроо берсе жакшы болмок. Мындай уулубузду коргоп алууга биздин да кудуретибиз жетет. Биз аксакалдык кылып, сабыр тутуп, иштин акырын байкап туралы деп чечкенбиз. Жол тосуу, митинг уюштуруу сыяктуу жол менен мамлекетке түйшүк арттырбайлы деп турабыз.
Урматтуу өлкө жетекчилери, сиздерден калыстыкты, адилеттүүлүктү күтөбүз. 107 аксакалдын атынан Ак-Жол аймактык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Төлөгөн Абасов.