Президент менен Жогорку Соттун төрайымы сот системинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган чаралар, ошондой эле Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү, жалпысынан сот системинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Гүлбара Калиева жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында судьяларды которуштуруу (ротация) жана айрым соттордо судьянын жардамчысы кызматтарын кыскартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле сотторго жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүндө эки өз алдынча бөлүк түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Алар: соттордун чечимдерине гана жооп берүүчү жана алардын сапатын жогорулатуучу Мажбурлап аткартуу кызматы жана сотторду материалдык-техникалык камсыздоого жана сот аппараттарынын потенциалын жакшыртууга гана көңүл бурган Сот департаменти.

Мындан сырткары соттук-укуктук реформалар боюнча кеңештин чечимдерин аткаруу жана сот системин санариптештирүүнүн жүрүшү жаатындагы маселелер талкууланды.

Президент сот жана сот аткаруучу блоктор жаатында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системин ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал соттордун сот жыйындарын аралыктан өткөрүүгө толук даяр эместигин көрсөткөнүн билдирди.

Анын дарегине судьяларга карата даттануулардын келиши уланып жатканын, алардын көпчүлүгү ашыкча убаракерчиликке, соттук териштирүүнүн создуктурулушуна байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы сот системин мындан ары санариптештирүүнү, анын ичинде сот жыйындарынын бардык залдарына аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системдерин толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча мерчемделген иштерди ушул жылдын соңуна чейин аягына чыгаруу зарылдыгын баса белгилеп, судьялардын ишинин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан