Эл өкүлү Райхан Төлөгөнов Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясынын башталышында ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиев жана уулу Муса Төлөгөновдун иши тууралуу чакан маек берди.
- Парламент каникулдан кийин өз ишин улантты. Лидериңиздер Өмүрбек Текебаев өкмөт Батукаев боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы туурасында маалымат беришин талап кылды. Колдойсузбу?
- Бул окуяны, албетте, жыйынтыктап, кимдин шалаакылыгынан же кимдердин жардамы менен Батукаев бошоп кеткендигин коомчулукка жеткириш керек. Кеп бир эле Батукаевде эмес. Кеп мындай окуялардын кайталанышында. Акмат Бакиев абактан качып кетти, Батукаевди бошотуп, салтанаттуу узатып да жиберишти. Демек, биздин мыйзамда жылчык бардай. Ошону менен бирге, ошол жылчыкты таап, кээ бир жеринде мыйзамды тепселеп, мыкаачынын жолун шыпырып, килем төшөп, учакка салып жиберген кишилер бар. Генералдык погон тагынган ал кишилер криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болуп, оперкызматкерлердин ишине балта чаап, мамлекеттин коопсуздугуна доо кетиришти. Алар ким экенин эл билиши зарыл. Ошондуктан өкмөт четте калбай, сөзсүз жыйынтыгын чыгарып, элге өз позициясын билдирүүгө тийиш.
- Криминалдык чөйрө менен байланышы бар кайсы генералды айтып жатасыз?
- ИИМде министр болуп жүргөн, азыр Жаза аткаруу мекемесин жетектеген Зарылбек Рысалиевди мисал келтирсем болот.
- Криминалдык чөйрө менен кандайча байланышы бар дейсиз?
- Криминалдык авторитет атыккан Батукаев менен байланышы болбосо, аны учакка чейин эмнеге узатат? Беш жылга эркинен ажыратылган милиция кызматкери А.Р.Рысалиевди абакта жаткан кезинде Милиция академиясынын 4-курсуна неге кысым менен отургузат? Бул фамилиялашы менен бирге министрдин өзүнө да кезегинде кылмыш иши козголгон. Балким, министр Рысалиев кылмышкерге көз каранды болуп калганына байланыштуудур? Терс мотивдер менен милиция кызматынан кубаланган Эркиновду өзүнүн чечими менен Академияга орнотууга ал кездеги министр Рысалиевге эмне күч келди?
Мына ушундай чөйрөдөгү «балдарды» милицияга ишке алып, алар «курчап» турган министр Рысалиев ИИМден уурдалган 4 миллион 289 миң сомго, 14 миллион 685 миң сомдук финансылык эрежелерди бузууга көз жумуп отурган. Мунун баары, мындан башка толгон-токой иштер мекемелер аралык түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган жана алардын маалымдамасында чагылдырылган.
Андан сырткары 2010-жылы З.Рысалиевге Бишкек шаарындагы Свердлов районунун милициясын баштап турган кезде УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Райондун эки «опери» менен бир жарандын мүлктөрүн тартып алып, тигил эки «бечара» соттолуп, ал эми Рысалиев кутулуп кеткен. Дал ушул Рысалиевдин жардамчысы ишине берилген «оперлерден» коргоп Батукаевди учакка салып, учуруп жиберди. Ал жардамчысын азыр өзүнө орун басар кылып дайындап койгону бекер жерден дейсизби?
Башкы прокуратура Рысалиевдин «иштери» менен кызыкса, көп нерсе көтөрүлүп чыкмак. Ал эми президентибизге бул маалыматтар жетпесе керек, болбосо бир иштен экинчи иштерге ишенип көтөрбөс эле дейм.
- Балаңыздын камалганына ичиңиз ачышып айтылган сөздөр эмеспи бул?
- Ар бир ата-эненин жүрөгү бала деп согот. Машинасына мылтык салып жүргөнү үчүн жооп берет мыйзам чегинде. Ал эми “Бакиевдердин мүлкүн тоногон” деген сөз Бакиевдердин «адвокаттарынын», саясий оппоненттердин жалган жалаасы. Мародёрлукка тиешеси жок иштер менен кармалган бир «азаматтын» үйүнөн ваза «табат» генерал З.Рысалиев. Анын баасын экспертиза 700 сомго баалайт. Ал вазанын бооруна «Урматтуу Жанышбек агама! Мааракесинин урматына! Умурзак» деп жаздырып, ваза Бакиевдин мүлкү дегенсип, баламдын мойнуна коюп жатат. Бакиевдер жүз миңдеген долларлык белектерди алып жүргөн үй-бүлө. 700 сомдук ваза тартуулаган кишини ошол белек менен башка чапмак, ал киши алардын босогосун да аттай алмак эмес! Жаныштын кыялын достору жакшы билген. Ушуну генерал эске албай, битирлик кылып, 700 сомдук ваза менен ишти фабрикациялоого аракет кылып жатат. Беш миң долларын чөнтөгүнөн чыгарып, жалган далил тапса дагы ынандыра алмак. Бриллиант менен шөкөттөлгөн ваза болсо, балким, Жаныш аны чындап эле сейфине бекитип жүрмөк. 700 сомдук Жаныш вазаны сейфинде сактап жүрөт беле?
Алысты карайлы. ИИМдин жетекчилигиндеги чала сабат, күндүз погон тагынып, түндө маска кийип, кылмышкерлерге каршы күрөшкөн милициянын астейдил кызматкерлеринин катарына көлөкө түшүргөндөр акыры келип мамлекеттин түзүлүшүнө коркунуч туудурат. Коомчулук аларды жүзүнөн таанып, баа берип, колуна тийип калган бийликти кыянаттык менен пайдалангандардан акыйкатчылыкты талап кылып туруш үчүн Батукаев менен болгон окуяны ачыкка чыгарганга баарыбыз милдеткербиз. Себеби тазалануу гана ар кандай оорудан арылта алат.