УКМКнын өкүлү: "Саймаити журналисттерди жалдап, карызын өндүрүүгө аракет кылган"

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айтымында, 3 кылмыш иш тергелип жатат. "Ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Саймаитини өлтүрүүгө аракет болгон деген журналисттердин маалыматтары боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинки кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча иш козголгон. Ошол ишти тергеп жатып, бюджетке салыкты төлөөдөн качуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Саймаити Кытайдын жараны 2011-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип, Кара-Суу базарында иш жүргүзгөн. Базарда иштеген бизнесмендердин акчасын которуу боюнча иш аткарып жүргөн. 2012-жылдан баштап ал киши дагы бир Кытай жараны Абдукадыр Хабибула менен таанышып, ошол кишинин жүк ташуучу фирмасы менен акчаны которуп чогуу иштеп калган. Тастыкталган маалымат боюнча, 2016-2017-жылдан баштап Абдукадыр Хабибула менен Саймаитинин ортосунда акча боюнча пикир келишпестиктер пайда болгон. 2017-жылдын май айында алар тарабынан өкүлдөр аркылуу сүйлөшүү жүрүп, ошол жерде Абдукадыр Хабибула өкүлдөрү Саймаитиге 3 миллион доллардан ашык доо коюшат. Мунун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадыр Хабибуланын өкүлдөрү ИИМге кайрылышат. Кылмыш иши козголуп, Саймаити Бишкекке качып, андан кийин Казакстанга, андан ары Түркияга качып кеткен.

Ал коюлган доолорду мойнуна алган эмес. Күбөлөрдүн айтымында, Саймаити доо арыздарын коюп, акчаларын өндүрүү максатында журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу басым көрсөткөн. "Азаттыкка" да кайрылган экен. Ал маалыматтарды берип баштаган экен. Журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгон", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан