Түндүк Кореяда COVID-19 илдетине шектелген жаран бар делинип бир шаар жабылды

Түндүк Кореяда COVID-19 илдетине шектелген биринчи учур катталды. Мындан улам өлкөнүн лидери Ким Чен Ын Кэсон шаарын карантинге жапканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкөнүн борбордук агенттигинин маалыматы боюнча, 19-июлда COVID-19 илдетине шектелген жаран Түштүк Корея менен Түндүк Корея ортосундагы аскердик демаркация сызыгын мыйзамсыз кесип өткөн. Кытайга барган жарандан анализ алынып, жыйынтыгы белгисиз болуп чыккан. Буга байланыштуу ал жаран катуу карантинге алынып, аны менен байланышта болгондор аныкталып, текшерүүдөн өтүп, обочолонуу режимине алынган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биринчи шектүү тууралуу кабарлангандан кийин, алдын алуу чарасы катары Кэсон шаарын жаап, анын жанындагы райондорду бири-биринен бөлүп салууну чечкен.

Ким Чен Ындын жетекчилиги астында Борбордук комитеттин Эмгек партиясынын саясий бюросу кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, улуттук чукул карантиндик системинен жогорку чукул системге өтүү чечими кабыл алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mintip-menu-suybo
2020-07-26 17:28:36
Мына сага...
+4
talaa11
2020-07-26 19:43:28
Мына сага чыныгы эркек темирдей тартипти кармаган Президент ушундай болот
+2
Kubatbek1974
2020-07-26 22:00:13
Ана тартип мына тартип
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан