Бүгүн, 24-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум УКМКнын имаратында болуп өттү. Буга чейин отурумга жактоочулар гана кирип, башка катышуучулар жана журналисттер сыртта күтүп турганы айтылган. 2 саатка созулган отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв Алмазбек Атамбаев отурумга катышкандыгын жана анын ден соолугу жакшы экенин айтты. Мындан тышкары, жактоочу соттук отурум өткөн бөлмөнүн шарты тууралуу айтып, нааразычылыгын билдирди.
"Соттук отурумда өтүнмөлөр тууралуу маселелер чечилип жатты. Алардын ичинде соттук отурумду нормалдуу шарты бар Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү каралды. Тилекке каршы, сот андан баш тартты. Отурум өткөн жердин шарты санитардык дагы, медициналык дагы нормаларга төп келбейт. Анын ичи юридикалык нормаларга дагы жооп бербейт. Элестетип көргүлө, 12-15 чарчы метр болгон бөлмөдө 18 адам отурду. Мен сотко "Кыргыз өлкөсүнүн желеги менен гербин коюп койсо эле, бул бөлмө сот залы болуп калбашын" айттым. Ушуларга жана башка себептерге байланыштуу өтүнмө киргизилген. Белгилүү болгондой эле, сот отурумду Биринчи Май райондук сотунда өткөрүү боюнча өтүнмөдөн баш тартты. Мындан тышкары, Атамбаевдин катышуусу жок эле өткөрүү боюнча дагы өтүнмө киргизилди. Анын бул чечимин мурдатан эле билдирип келебиз. Бирок сот бул өтүнмөдөн дагы баш тартты. Мындан кийин Атамбаев бөлмөдөн чыгып кетти. Ал суроолорго жооп берген жок. Сот отурумду УКМКда өткөрүү чечими Алмазбек Шаршеновичтин жана башка катышуучулардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын айтты. Бирок мен мамлекеттик айыптоочулардан башкасынан отурумдун бул жакта өтүшүн жактырып жатканын көргөн жокмун", - деди жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.