Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумда жарыш сөз аяктады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв сот залынан чыкканда билдирди.
Айтымында, алар сөз сүйлөп бүткөн. Учурда мурдагы башкы прокурор, бул ишке айыпталуучу катары каралып жаткан Индира Жолдубаевага сөз берилип, ал сүйлөп жатат.
"Батукаевди бошотуу боюнча жарыш сөз бүттү. Азыркы тапта айыпталуучуларга акыркы сөз берилип жатат. Учурда Жолдубаевага сөз берилди. Андан кийин бул ишке жооптуу катары суралып жаткан Качкыналиев жана Раимжановго сөз берилет. Ал эми Алмазбек Шаршенович акыркы сөз сүйлөбөйт, аны өзүңөр билесиңер. Булардан кийин сот өкүм чыгарууга кирип кетет. Мен бүгүн жарыш сөздө Алмазбек Атамбаевдин бул иште айыпсыз экенин айттым", - деди жактоочу.