Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковго Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө айып салынып, сот залынан бошотулду. Мындай чечим 2020-жылдын 10-июлунда чыкканын SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июлундагы өкүмүнө ылайык, С.Э.М. (ред. Эркин Сопоков) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-берененин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата төмөндөгүдөй жаза колдонулду:
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен 2 миң 600 өлчөмүндөгү эсептик көрсөткүч;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен 2 миң 600 өлчөмүндөгү эсептик көрсөткүч;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен 2 миң 600 өлчөмүндөгү эсептик көрсөткүч;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 78-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоодо, жазаларды толук бириктирүү менен С.Э.М.ге карата акыркы жаза катары 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүч, башкача айтканда 300 миң сом айып салынды.
С.Э.М. сот залынан бошотулду, ага карата башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Өкүм күчүнө киргенден кийин аталган бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат.
Эркин Сопоковдун ысымы Айэркен Саймаитинин ишинде анын киши колдуу болуп каза болгон жерден консулдук унаа номери бар унаа табылгандан улам белгилүү. Ал учурда Түркиянын Стамбул шаарында дал ушул Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп турган. Кийин ал кызматынан алынып, УКМК тарабынан кармалган.