12 миллион калк жашаган Ухан шаары ээнсиреп калды. Бийиктиктен тартылган видео

12 миллион калк жашаган Кытайдын Хубэй провинциясынын борбору - Ухан ээнсиреп калды. Кытай бийлиги коронавирустун күч алганына байланыштуу 23-январдан баштап бул аймакка карантин жарыялаган. Мындай жарыядан кийин 5 миллиондон ашуун жаран шаардан чыгып кетишкен. Учурдагы шаардын картинасын бийиктиктен тартылган видеодон көрсө болот.

Анда бир-эки жөө адамды, айрым гана көчөлөрдө велосипед тээп бараткандарды жана саналуу гана унааларды көрүүгө болот.

Учурда бул шаарда аэропорт, автобекеттер, соода борборлору жабылып, коомдук транспорт жана темир жол каттамдары токтотулган. Шаардагы бардык завод, фабрикалар, өндүрүш менен алектенген ишканалар жабылган.

Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында 549 адам каза болуп, 19 миңден ашуун киши жабыркады. Медицина кызматкерлери 6-февралдан баштап Ухан шаарындагы бардык тургундарды текшерүүгө алып баштады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, шаардагы бардык үйлөрдүн жашоочуларын дарыгерлер текшерет.

Коронавирустан улам Ухан шаары ээнсиреп калды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Wibee
2020-02-06 16:03:13
Алланын кудурети.Мечиттерди кыйратып кыйын болуп жатышты эле көчөгө чыга албас болушуптурго.
+13
kechirmeni
2020-02-06 17:11:44
Кытайлардан кордук коргон жуз миндеген мусулмандардын каргышы тийип атат бир болсо
+15
uli0404
2020-02-06 18:54:15
Кырылып жок болуп кетишсе экен айбандар.айюан жебеген нерселерди жей берсеңер ошондой болот
+3
Sakura715
2020-02-06 18:54:15
Тантырайт десе эле ойду тоону суйлой бербегилечи, вирус журуп жатат,эртен КРга келсе кором ушинтип суйлогондорунорду.Цунами каптап ,же жер титироодон кыйроо болсо ушинтсенер жарашмак.Адамдар олуп жатса суйунгон ,кыргыздар кайда барасынар эртен озунор?
0
Avrora2017
2020-02-07 15:04:46
Sakura715,Tuura aitasyn
0
Saidochka
2020-02-06 19:01:49
Кудайдын сыноосу башына түшүп турган пенделерди табалаган деле күнөө болсо керек. Кичине ойлонуп сүйлөсөнор болбойбу. бизге вирус келбейт деп ким кепилдик бере алат. Таба эмес,тооба кылалы
+20
Avrora2017
2020-02-07 15:15:16
Saidochka,koshulam toba desh kerek
0
nazarnew
2020-02-07 12:29:47
Я легенда же город призраков деген кино тарта турган город болуп калыптыр, без спецэффектов.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан