ЖЭБ соту: Отурумда жактоочулар менен мамлекеттик айыптоочулар кайым айтышты

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын репликасы орун алууда.

Отурум учурунда жактоочулар менен мамлекеттик айыптоочулар ортосунда кайым айтышуу жаралды. Жактоочулар электр энергетикасы боюнча мыйзамдын негизсиз колдонулуп жатканын айтып нааразы болушту. Ошондой эле процесстин жүрүшүндө тараптар репликанын форматын бузуп жаткандыгы айтылды. Жактоочу Сергей Манукян реплика боюнча беренени окуп, мамлекеттик айыптоочу регламентти өзү бузуп жатканын айтты. "Судьядан жактоочуларга 5 мүнөт беришин сурадык. Бул убакытта эч нерсе өзгөрүп кетпейт, өлкө кыйрап кетпейт, биздин сөзүбүздү бөлбөөнү суранабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, жактоочу Нурбек Токтакунов айыптоочулар алардын репликасына комментарий берилбеши керектигин, анда жактоочулардын бири-биринин сөзүнө реплика беришинин кандай маңызы бар деп суроо салды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2019-12-06 12:39:57
Акчаны төлөткүлочү жаман эркелетинерго ууруларды
+4
Ernestinio
2019-12-06 12:47:22
акчалары давно кытайдын банктарында сейфтерде турушат. баары тынчтанганда ал акчалар кайтып келип бизнестер башталат.
+3
Jaznura
2019-12-06 13:02:22
Акыркы сөзүн айтканга эки жылдай даярданышты. Бүгүн буйруса акыйкат өкүм чыгып ушул аты аталгандар татыктуу жазасын алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан