Бүгүн, 28-октябрда Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен алардын баш коргоо чарасы 2 айга узартылды.
Өмүрбек Текебаев баш коргоо чарасын өзгөртүүнү судьядан өтүндү. Тагыраагы, ал үй камагында калтыруу чечимин эч жакка чыкпоо чечимине өзгөртүүнү суранган.
Окуянын чоо-жайы: 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Текебаевдин ишин кайра кароо таржымалы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.