26-июнда Бишкекте эки жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алганы маалымдалган. Анда Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри унаасы жеңил унаа менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгы көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Кийинчерээк кырсык тууралуу кыска тасма интернетке жарыяланды. Андан Тыныстанов көчөсү менен бара жаткан унаа катуу ылдамдыкта бара жатканын көрүүгө болот.